Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 7-майы ПЖ № 87
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 7-майынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Асанов Эрлан Джекшенбекович;
- Бекбаева Нурия Хусаиновна;
- Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;
- Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;
- Курманов Ашырбек Такишович;
- Осмонова Шааркүл Келдибековна;
- Садырова Чинара Идрисовна;
- Султаналиев Нурлан Туруспекович;
- Эгембердиева Анар Раимжановна;
- Эшалиев Азис Маратович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндон баштап күчунө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |