Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 15-майы ПЖ № 94
Г.Т.Искакова жөнүндө
Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Искакова Гүлнара Тентиевна Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы, эки ишти айкалыштыруу боюнча Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлүнүн кызматынан бошотулсун.
Негиз: Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаевдин сунушу (2015-жылдын 15-майындагы чыгыш № 1-074-2/19).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |