Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 25-майы ПЖ № 98
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш киргизген Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынын райондор аралык сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 25-майынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;
- Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;
- Ибраимов Темирбек Маданбекович;
- Каипова Нурила Кочкоровна;
- Мажитов Бакытбек Өмүрзакович;
- Нартаев Нурман Канатбекович;
- Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;
- Тагаев Мелис Муктарович;
- Туленбаев Таирбек Абдумаликович;
- Чагалдакова Махабат Бекболотовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |