ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2015-жылдын 25-майындагы ПЖ № 99 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынын райондор аралык сотторуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция25.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 25-майы ПЖ № 99

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Баткен облустарынын райондор аралык сотторуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2015-жылдын 25-майынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Ош облусунун райондор аралык сотуна:

Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич;

- Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотуна:

Каипова Нурила Кочкоровна;

Мажитов Бакытбек Өмүрзакович;

- Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотуна:

Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич;

Тагаев Мелис Муктарович;

- Нарын облусунун райондор аралык сотуна:

Чагалдакова Махабат Бекболотовна;

- Талас облусунун райондор аралык сотуна:

Ибраимов Темирбек Маданбекович;

Нартаев Нурман Канатбекович;

- Баткен облусунун райондор аралык сотуна:

Жаманкулов Мелис Раимбердиевич;

Туленбаев Таирбек Абдумаликович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев