Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 12-июну ПЖ № 113
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш киргизген Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык токтом кылам:
1. 2015-жылдын 16-июнунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Барыктабасова Эльмира Бектургановна;
- Доспаева Кунтуган Ахмеджановна;
- Жумабаева Жылдыз Кабыловна;
- Жумадылов Сыргак Каныбекович;
- Ибраева Чынара Назарбековна;
- Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;
- Касымбеков Кубанычбек Калыбекович;
- Осмонов Феликс Ой-Талбекович;
- Рыспекова Аниса Рыспековна;
- Сагынбаев Бакыт Тынышович;
- Сейдакматова Аида Асанбековна;
- Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |