КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 12-июну ПЖ № 115
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары 2015-жылдын 16-июнунан баштап толук курамында кызматтарынан бошотулсун:
- Аденова Гульзамира Аникеевна;
- Алиев Авчи Мустафаевич;
- Байсеитов Таалайбек Карыбаевич;
- Жээналиев Марат Субанбекович;
- Кадыркулова Таалайкүл Калыкбековна;
- Конурбаев Сейтек Орозбекович;
- Рыспекова Аниса Рыспековна;
- Сариев Аманбек Орозунбекович;
- Сейдакматова Аида Асанбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |