Редакцияот 17.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 17-июну ПЖ № 124

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын кызмат орунуна талапкер боюнча сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Алымкулов Айдарбек Бекишович 2015-жылдын 17-июнунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев