КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 17-июну ПЖ № 125
А.Б.Алымкулов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалган Алымкулов Айдарбек Бекишович Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна 2015-жылдын 17-июнунан баштап судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |