Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 24-июну ПЖ № 126
Ж.Ш.Шарипов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шарипов Жусупбек Шарипович Кувейттин Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Марокко Королдугундагы жана Иордания Хашимит Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалсын.
Негиз: Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаевдин сунушу (2015-жылдын 23-июнундагы чыг. № 16-074-1/1454).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |