Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 24-июну ПЖ № 127
Э.С.Ибраимов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибраимов Эрмек Султанович Австриянын Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы, Словакия Республикасындагы, Польша Республикасындагы жана Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалсын.
Негиз: Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Э.Б.Абдылдаевдин сунушу (2015-жылдын 23-июнундагы чыг. № 16-074-1/1454).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |