Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 24-июну ПЖ № 130
Б.Эсенбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Нарын облустук сотунун судьясынын кызмат ордунда жүзөгө ашырып жаткан Эсенбаев Бердибектин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2015-жылдын 19-июнунан баштап токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |