КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2015-жылдын 26-июну ПЖ № 133
Э.А. Матазов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кьфгыз Республикасынын Судьялар кеңеши макулдук бергендигине байланыштуу Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Матазов Эркин Абдылдаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |