Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2015-жылдын 1-июлу ПЖ № 135
Н.А. Назарбаевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын Президенти Назарбаев Нурсултан Абишевич I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |