КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2015-жылдын 3-июлу ПЖ № 139
К.К. Архарова, Б.Б. Джаналиев, А.Б. Джээнбекова жана Д.Д. Назаров жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалгандыгына жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилгендигине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 6-июлунан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
Архарова Кымбат Кадыровна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
-Джаналиев Бекболот Болотбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
-Джээнбекова Альбина Бакеновна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
-Назаров Дамирбек Дуйшоевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндон баштан күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|