Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 18-июлу ПЖ № 149
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 20-июлунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;
- Жаныбек кызы Венера;
- Жолдошалиев Мидин Турдумаматович;
- Исаева Кундус Кедейкановна;
- Каипов Эмилбек Осконбаевич;
- Калыбаев Алмаз Жээнкулович;
- Сатарова Айнура Мелисовна;
- Сыдыков Марат Райымбекович;
- Субанкулов Адылбек Анарбекович;
- Термечиков Мирлан Арстанбекович;
- Уметова Айгуль Таштанбековна;
- Эрнис уулу Айбек.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |