Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 18-июлу ПЖ № 151
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары 2015-жылдын 20-июлунан баштап толук курамында кызматтарынан бошотулсун:
- Алымкулова Бактыгул Эмиловна;
- Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;
- Жолдошалиев Мидин Турдумаматович;
- Ибраев Марат Тажиевич;
- Искаков Эркин Бакбурович;
- Калыбаев Алмаз Жээнкулович;
- Молдобаев Алмазбек Тавалдыевич;
- Орозова Дамира Токтоналиевна;
- Сатарова Айнура Мелисовна;
- Субанкулов Адылбек Анарбекович;
- Тилекеева Аида Мейманалиевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |