Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 8-августу ПЖ № 162
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 12-августунан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Байчаев Туратбек Дунганович;
- Джаркеева Эльвира Сагыналиевна;
- Ибраимова Жылдыз Белековна;
- Касымбеков Алмаз Салмоорбекович;
- Саадабаева Гульзат Аскербековна;
- Сабырова Жыпара Жумадиловна;
- Тургунбекова Гаухар Рафиковна;
- Турдукожоев Доолотбек Тентимишович;
- Чотонов Санжар Бейшенкулович;
- Шин Галина Алексеевна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |