Редакцияот 08.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 8-августу ПЖ № 163

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер боюнча сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2015-жылдын 12-августунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Адамкулов Чынгыз Толокович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев