КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 24-августу ПЖ № 171
К.У.Абдрахманова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордунда жүзөгө ашырып жаткан Абдрахманова Кулумжан Усеналиевнанын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2015-жылдын 27-июлунан баштап токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |