Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 17-сентябры ПЖ № 183
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча ишке кошкон зор салымы жана өлкөнүн экономикалык потенциалын арттырганы, "Датка" 500 кВ подстанциясын, "Кемин" 500 кВ подстанциясын жана "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын курууну ийгиликтүү бүтүргөндүгү жана пайдаланууга киргизгендиги үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын:
Айткулов Медетбек Ашыркулович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору. |
2. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарын бекемдегендиги үчүн, ошондой эле "Датка" 500 кВ подстанциясын, "Кемин" 500 кВ подстанциясын жана "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын куруу ийгиликтүү бүткөндүгүнө жана пайдаланууга киргизилгендигине байланыштуу "Данакер" ордени менен сыйлансын:
Ван И | - | Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри; |
Гао Хучен | - | Кытай Эл Республикасынын коммерция министри. |
3. Өндүрүштүк иштеги жогорку жетишкендиктери жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгына жетишүү боюнча ишке кошкон салымы, "Датка" 500 кВ подстанциясын, "Кемин" 500 кВ подстанциясын жана "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын курууну ийгиликтүү бүтүргөндүгү жана пайдаланууга киргизгендиги үчүн сыйлансын:
"Даңк" медалы менен | ||
Кобонбаев Казыбек Токтомушевич | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы - Нарын жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын аба линиялары кызматынын электр монтеру; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен | ||
Калиев Айбек Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Калиев Оттукбек Эмилович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы - Чүй жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын подстанциялар кызматынын "Кемин" 500 кВ подстанциясынын начальниги; |
Раимкулов Рустанбек Имашевич | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун "Датка" долбоорлорун ишке ашыруу тобунун начальниги; |
Шерматов Руслан Жамалдинович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун филиалы - Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдүн жетектөөчү инженери; |
Убайдиллаев Омурбек Иматжанович | - | "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун "Датка" долбоорлорун ишке ашыруу тобунун жетектөөчү инженери. |
4. "Датка" 500 кВ подстанциясын, "Кемин" 500 кВ подстанциясын жана "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын куруунун жана пайдаланууга киргизүүнүн жүрүшүндөгү жогорку жетишкендиктери үчүн сыйлансын:
"Даңк" медалы менен | ||
Джан Синь | - | "ТВЕА" компаниясынын президенти - директорлор кеңешинин төрагасы; |
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен | ||
Макелек Мусаджан | - | "ТВЕА" компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү. |
Төрага | А. Атамбаев |