Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 29 сентябры ПЖ № 187
Б.Б. Беккулуева жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын конститутциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөпүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдук бергендигине байланыштуу, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Беккулуева Бактыгүл Бакаевна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |