ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2015-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 201 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция12.10.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 12-октябры ПЖ № 201

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2015-жылдын 12-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Берюева Анаркуль Декановна;

- Зикиров Арзыбек Камчибекович;

- Мусуралиева Аида Султангазиевна;

- Узакбаев Азамат Насырович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев