Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 12-октябры ПЖ № 202
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун иштеп жаткан төмөнкү судьялары 2015-жылдын 12-октябрынан баштап толук курамында кызматтарынан бошотулсун:
- Асылов Толомуш Акматович;
- Бакиров Кайридин;
- Балагазы кызы Аида;
- Берюева Анаркуль Декановна;
- Кубанычбеков Белек;
- Маматалиева Айнура Сайбидиновна;
- Суюмбаев Аскар Абирович;
- Шаршеналиев Жамил Асанбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |