КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 12-октябры ПЖ № 205
М.И.Усарова жана С.К.Сулайманова жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 12-октябрынан баштап төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
- Усарова Мира Исаковна - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна;
- Сулайманова Салтанат Куванычбековна - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |