Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 24-октябры ПЖ № 213
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши киргизген Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Москва райондук сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды, ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча жаңы сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 28-октябрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Агышаева Наргиза Токтоболотовна;
- Алымбекова Бактыгул Турсуновна;
- Асанова Чолпон Карыпбековна;
- Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович;
- Бокомбаев Аман Мамыркожоевич;
- Джандралиева Надира Джекшеновна;
- Джунушалиева Индира Акимджановна;
- Маматкеримов Урмат Таалайбекович;
- Марлес Феликс;
- Сагынбекова Дамира Эсенбековна;
- Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович;
- Эшалиев Нурманбет Касымбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |