Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 28-октябры ПЖ № 218
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө
Жаңы VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши башталгандыгына, мурдагы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары токтотулгандыгына жана тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы", "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2014-жылдын 31-мартындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн "Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн" коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
2. Премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |