Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 29-октябры ПЖ № 219
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү жөнүндө
VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши шайлангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, 84-беренесинин 2-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына 2015-жылдын 20-ноябрынан кечиктирбестен парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан программаны кароону жана бекитүүнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары -Өкмөт) түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунушталсын.
2. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына жана Жогорку Кеңештин башка фракцияларына парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүүнүн жүрүшүндө жана коалициялык макулдашууну түзүүдө төмөнкүлөрдү эске алуу сунушталсын:
1) мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын башкы милдети болуп 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын сөзсүз аткаруу жана өлкөдө позитивдүү кайра түзүүлөргө багытталган мамлекеттик саясаттын уланмалуулугун, тактап айтканда төмөнкү бөлүктөрүндө камсыз кылуу эсептелээрин:
- Кыргызстандын реалдуу финансылык жана экономикалык көз карандысыздыгына жетүү, жарандардын бакубатчылыгын арттыруу;
- мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекеттик башкаруудагы терс көрүнүштөрдү жоюу, мамлекеттик башка органдардын ыйгарым укуктарына кийлигишүүнү жана мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерин карама-каршы коюуну жокко чыгарган мамлекеттик бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу системасын түзүү;
- соттук реформаны жигердүү өткөрүү;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти андан ары чындоо, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо жана бекемдөө;
2) жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн парламенттик көпчүлүк коалициясы өзү түзгөн Өкмөт менен натыйжалуу жана ынтымактуу иштешип, төмөнкүлөргө жол бербеш керек:
- Өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлоруна макулдашылбаган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилге кылынган салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарды, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кошумча чыгымдарын караган же мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйткөн башка мыйзамдарды Өкмөт менен макулдашуусуз кабыл алууга.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |