Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 570
Б.С.Батырбаев, Б.Б.Беккулуева жана башкалар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 98-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын жети жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 30-ноябрындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын областтык, Бишкек шаардык жана Аскер сотторунун төрагаларын дайындоо жөнүндөгү" Указы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелсин:
Батырбаев Бактыбек Сулаймановичтин - Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы;
Беккулуева Бактыгүл Бакаевнанын - Нарын областынын арбитраждык сотунун төрайымы, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 "К.Ж.Качкыналиева, М.А.Токтомушев жана башкалар жөнүндөгү" Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Нарын областынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун (Нарын областынын райондор аралык соту) төрайымынын кызматына которулган;
Жусубалиев Табылды Кудайбердиевичтин - Баткен областтык сотунун төрагасы;
Качкыналиева Калыйса Жумашалиевнанын - Бишкек шаарынын арбитраждык сотунун төрайымы, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 2-августундагы № 252 "К.Ж.Качкыналиева, М.А.Токтомушев жана башкалар жөнүндөгү" Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун (Бишкек шаарынын райондор аралык соту) төрайымынын кызматына которулган;
Мураталиев Рапылбек Эсенгелдиевичтин - Нарын областтык сотунун төрагасы;
Салиев Рахимберди Абдыкалыковичтин - Бишкек шаардык сотунун төрагасы.
2. Бул Жарлык 2006-жылдын 30-ноябрынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |