Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2003-жылдын 14-январы ПУ № 9
Т.В.Борисованы, Т.А.Ефименкону, Ж.Калиловду жана башкаларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын дене тарбия жана спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
Борисова Татьяна - Викторовна Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадага даярдоо Борборунун жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү;
Ефименко Татьяна Александровна - Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадага даярдоо Борборунун жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү;
Калилов Жузункө - Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу-окутуучусу;
Кислицын Владимир Александровичке - Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадага даярдоо борборунун азыркы беш таймаш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Алыкулов Эмиль Таштанович - Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадага даярдоо Борборунун грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Мамбетов Ратбек Шабданбекович - Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу-окутуучусу;
Өмүралиев Кенжебек Байжанович - Кыргыз Республикасынын курама командаларын олимпиадага даярдоо Борборунун эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Эсенбаев Бекжан Исаевич - Күрөш жана бокс боюнча олимпиадалык резервдин республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин Талас шаарындагы балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин улук машыктыруучусу.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |