КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 5-ноябры ПЖ № 223
А.А.Сманалиева жана Ж.Д.Бекназаров жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Сманалиева Айтуган Ахмеджановна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Бекназаров Жаныбек Денисбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |