КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 5-ноябры ПЖ № 224
М.А.Шералиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы М.А.Шералиевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык токтом кылам:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Шералиев Мырзабек Асанканович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |