Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2003-жылдын 17-февралы ПУ № 51
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармасынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Финансы-экономикалык иш жагындагы сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
Жовноренко Любовь Викторовна - уюштуруу-инспектордук бөлүмдүн начальниги;
Ахматов Аширбек Касымбаевич - региондук башкарманын Бишкек шаары боюнча финансылык полициясынын финансы, салык жана бажы укук бузууларына каршы күрөшүү боюнча 1-бөлүмдүн начальниги;
Наинбаев Рустам Саматович - региондор аралык башкарманын Ош жана Баткен областтары боюнча финансылык полициясынын на чальниги.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |