Сравнение редакций…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (мындан ары - Мамкомиссия) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, ал дин жаатындагы изилдөөчү, билим берүүчү жана мониторинг жүргүзүүчү иштерди жүзөгө ашырат.
2. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине, Мамкомиссиянын буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Борбор юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда берилет.
4. Борбордун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
5. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору";
- расмий тилде: "Центр исследования религиозной ситуации при Государственной комиссии по делам религий Кыргызской Республики".
7. Борбор Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 Б дарегинде жайгашкан.
2. Борбордун максаттары, милдеттери жана функциялары
8. Борбордун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) диний кырдаалды изилдөөнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
2) диний чөйрөдөгү маселелер боюнча консультацияларды көрсөтүү, диний негизи болгон проблемалуу маселелерди жана чыр-чатактарды алдын-алуу, болтурбоо жана чара көрүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо жана алдын-алуу боюнча превентивдүү чараларды өркүндөтүү;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин диний маселелер боюнча квалификациясын көтөрүү, адистерди даярдоо жана семинарларды, тренингдерди жана башка билим берүү программаларын өткөрүү аркылуу калктын диний жана дин таануудагы сабаттуулугун көтөрүү.
9. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) республикадагы диний кырдаалды турукташтыруу жана шайкеш келтирүү боюнча эксперттер жана консультанттар менен биргелешкен ишти өткөрүү;
2) диний чөйрөдөгү маселелерди укуктук жөнгө салууну жана дүйнөлүк практиканы изилдөө, талдоо;
3) жер-жерлерде талдоонун, мониторинг жүргүзүүнүн практикалык методдорун жана илимий методологиясын, социологиялык сурамжылоолорду, фокус топторду жана интервьюларды колдонуу менен изилдөө иштерин жүргүзүү;
4) жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо жана дин маселелери боюнча семинарларды жана тренингдерди өткөрүү;
5) Кыргызстандагы учурдагы диний кырдаалды талдоо жана диний чөйрөдөгү тенденцияларды табуу боюнча системалуу мониторинг жүргүзүү;
6) дин чөйрөсүндөгү изилдөө иштерин жана практикалык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар, диний уюмдар, жарандык коомдун жана эксперттик коомдун институттары, эл аралык уюмдар жана донордук мекемелер менен өз ара аракеттенүү;
7) диний кырдаалды изилдөө, турукташтыруу жана шайкеш кылуу боюнча илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду, консультациялык-медиатордук жолугушууларды уюштуруу.
10. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Борбор төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) диний чөйрөнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;
2) диний чөйрөдө маалыматтык материалдарды жана талдоо отчетторун даярдоону, маалыматтык-практикалык материалдарды, методикалык пособиелерди, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана башка басылмаларды иштеп чыгууну жана жарыялоону;
3) өлкөдөгү диний кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды Мамкомиссия жана башка мамлекеттик органдар үчүн иштеп чыгууну;
4) диний чөйрөдөгү эксперттик жана консультативдик коомчулук менен кызматташууну;
5) өлкөнүн региондорундагы чыр-чатактуу зоналарды жана жерлерди, ошондой эле проблемалуу аспекттерди табууну жана талдоону;
6) белгиленген тартипте катталган диний уюмдар менен Борбордун ишинин багыттары боюнча кызматташууну;
7) диний чыңалууну болтурбоо жана эртелеп чара көрүү максатында диний кырдаал терең изилдөөнү талап кылган өлкөнүн региондорунда талаа изилдөөлөрүн өткөрүүнү;
8) диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, конфессиялар арасындагы мамилелерди шайкеш келтирүү жана абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу жаатындагы укуктун үстөмдүгүн бекемдөө жана диний чөйрөнүн башка маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду, эксперттик, консультациялык жолугушууларды уюштурууну;
9) диний кырдаалды изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, диний маселелер боюнча чыр-чатактуу жана проблемалуу кырдаалдарды алдын алуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөтүнүн) жана жергиликтүү коомчулуктардын, ошондой эле өкмөттүк эмес донорлордун ресурстарын тартууну.
3. Укуктар, милдеттер, жоопкерчиликтер
11. Өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн Борбор өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) белгиленген тартипте Мамкомиссия менен макулдашуу боюнча өзүнүн изилдөө, талдоо жана башка иштеринин негизги багыттарын аныктоого;
2) дин чөйрөсүндөгү изилдөө долбоорлорун, билим берүү программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырууга;
3) дин чөйрөсүндөгү изилдөө ишин жүзөгө ашыруу үчүн башка изилдөө мекемелери, мамлекеттик органдар, диний уюмдар, жарандык коомдун институттары жана эксперттик коомчулук, эл аралык уюмдар жана донордук мекемелер менен тикелей байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) Мамкомиссиянын тапшырмасы боюнча эл аралык долбоорлор жана программалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга техникалык тапшырмаларды макулдашууга;
5) өзүнүн ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө, Борбордун ишинин багыты боюнча эксперттерди, консультанттарды тартууга;
6) изилдөө эмгектерин, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгарууга, маалыматтар банктарын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген иштин башка түрлөрүн ишке ашырууга.
12. Борбордун милдети:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишин жүзөгө ашыруу;
2) диний кырдаалды изилдөө жана талдоо жүргүзүү боюнча өткөрүлүүчү иштердин объективдүүлүгүн, аныктыгын камсыз кылуу;
3) иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөтүн сактоо;
4) талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди жүргүзгөн адистердин компетенттүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылат;
5) кабыл алынган чечимдерге жана аткарылган ишке жоопкерчилик тартуу;
6) Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктарын жарыялоо жана жаңылап туруу.
13. Борбордун кызматкерлери ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Ишти уюштуруу
14. Борборду Мамкомиссиянын директору тарабынан дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
15. Борбордун директорунун бир орун басары болот, ал Борбордун директорунун сунушу боюнча Мамкомиссиянын директору тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарат.
16. Борбордун директору:
1) Борбордун ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат;
2) Борборго жүктөлгөн маселелердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
3) Мамкомиссиянын директорунун бекитүүсүнө Борбордун түзүмүн, Борбордун бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде чыгымдар сметасын жана штаттык санды берет;
4) Борбордун кызматкерлерин белгиленген тартипте дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, тартип чарасын колдонот же аларды сыйлайт;
5) Борбордун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде Борбордун кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана буйрутма берет;
7) Мамкомиссия менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, Кыргыз Республикасынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдарда Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча анын атынан чыгат;
8) Борбордун айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйлоо үчүн талапкерлерди Мамкомиссияга берет;
9) Мамкомиссияга жергиликтүү жана чет өлкөлүк изилдөө борборлору, ошондой эле тиешелүү эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
10) соттордо жана башка мамлекеттик органдарда, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда Борбордун кызыкчылыгын коргойт;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
17. Борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
18. Борбордун кызматкерлери Борбордун ишинин өзгөчөлүгү менен шартталган белгиленген талаптарга ылайык тандалып алынат.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болуп саналат.
5. Борбордун ишинин токтотулушу жана кайра уюштурулушу
19. Борбордун ишинин токтотулушу жана кайра уюштурулушу мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
20. Борбордун иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып токтотулду деп саналат.
21. Иши токтотулган учурда Борбордун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы ПЖ № 257
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ