Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 28-ноябры ПЖ № 259
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Сокулук, Панфилов райондук сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл, Москва жана Аламүдүн райондук сотторунун, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча жаңы сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 2-декабрынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
- Абдрахманов Канатбек Казакбаевич;
- Абдиева Жыпар Курманбековна;
- Аджибеков Нурлан Нурмамбетович;
- Астаркулов Данияр Шаршенбекович;
- Байсов Кылыч Таштанбекович;
- Кангельдиева Сулайка Салморбековна;
- Касымалиев Бакыт Мукамбетович;
- Керимкулова Айгүл Карыпкуловна;
- Кувандыкова Наргиза Тураровна;
- Моңолбаев Жаныбек Васирович;
- Сагитова Зульфия Каиргельдиевна;
- Сагыналиев Жаныбек Нурбекович;
- Самудинов Кубанычбек Бердибекович;
- Саткынбаев Рустам Шайлобекович;
- Тагаев Тилек Мамедович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |