Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 28-ноябры ПЖ № 262
С.С.Кангельдиева жана Д.Ш.Астаркулов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары дайындалгандыгына жана Чүй облусунун тиешелүү жергиликтүү сотторуна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилгендигине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2015-жылдын 2-декабрынан баштан төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Кангельдиева Сулайка Салморбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облусунун Манас райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Астаркулов Данияр Шаршенбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |