Редакцияот 04.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 10-январы ПЖ № 1

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалган жана Чүй облусунун Москва райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Тургунбаев Куттубайдын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 10-январынан баштап токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев