Редакцияот 04.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 4-январы ПЖ № 2

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 11-январынан баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:

- Чүй облусунун Чүй райондук сотуна:

 

Динеев Мирад Сагынбекович;

Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотуна:

 

Ибраимкулов Кангелди Рыскулбекович;

Канулькулов Марат Эдильевич;

Оморова Майрам Карыпжановна.

 

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А. Атамбаев