Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 6-январы ПЖ № 5
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Чүй облустук сотунун судьясынын кызмат ордунда жүзөгө ашырып жаткан Калыбаева Шааркан Акматалиевнанын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары ал курагынын чегине жеткендигине байланыштуу 2015-жылдын 29-декабрынан баштап токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |