Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 13-январы ПЖ № 7
Ж.А.Асаналиев жана Т.К.Акматов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары Ж.А.Асаналиевге жана Т.К.Акматовго карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 28-беренесинин 5-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан төмөнкү судьялар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Асаналиев Жолдош Асанакунович;
- Акматов Таалайбек Калыбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |