Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 13-январы ПЖ № 8
А.О.Маматов, С.К.Ташбаев жана М.А.Исаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айрым судьяларын жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Маматов Абдыганы Омарович;
- Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Ташбаев Сатыбалды Кочкорович;
- Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Исаев Мирлан Асекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |