Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 18-январы ПЖ № 10
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата райондук сотторунун жана Токмок шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 18-январынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдыкеримова Айгуль Анарбековна;
Жоомартов Кумушбек Рысбекович;
Керимкулов Илияс Саматбекович;
Кузьменко Сергей Иванович;
Масыбаев Тилек Төлөнбаевич;
Рыскулова Айжан Рыспековна;
Сайырова Светлана Муканбетовна;
Султаналиева Сеиль Асанкуловна;
Тойгонбаев Асанбек Рафикович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |