Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 26-декабры ПЖ № 285
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамында:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;"; |
үчүнчү абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 19-февралындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 8-октябрындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |