Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 27-ноябры ПЖ № 258
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө";
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жободо:
1-пунктта "Жогорку Кеңешинин депутаттарынан," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнөн," деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункттун биринчи абзацында "8" деген цифра "он эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Комиссиянын төрагасы, анын орун басары жана жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлеринен дайындалат.";
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10. Комиссиянын кеминде он эки мүчөсүнүн катышуусу зарыл болгон "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү жөнүндө маселе каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын жыйналышына анын кеминде он мүчөсү катышса, ал ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү, "Манас", "Данакер" ордендери менен сыйлоо жана "эл" деген ардактуу наамды берүү маселелери каралып жаткан учурда Комиссиянын кеминде он мүчөсү "макул" деп добуш берсе кабыл алынды деп, ал эми калган маселелер боюнча Комиссиянын кеминде сегиз мүчөсү "макул" деп добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын берүү жөнүндө маселени кароону кошпогондо, зарыл болгон учурда Комиссиянын чечимдери сурамжылоо тартибинде кабыл алынышы мүмкүн. Комиссиянын мүчөлөрүн сурамжылоо тартибинде кабыл алынган чечимдерге 7 күндүк мөөнөттө милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө ырастоо талап кылынат.".
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 27-ноябры ПЖ № 258
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 17-июнундагы № 214 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жарлыктын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө";
- (абзац КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)