Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 28-январы ПЖ № 25
Т.К.Токтосунов жана Ж.С.Аширов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалгандыгына жана Ош облусунун Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук сотторуна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилгендигине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 1-февралынан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Токтосунов Тилек Калыкович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Аширов Жанышбек Сайдилаевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |