Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 28-январы ПЖ № 22
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук сотторунун, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 1-февралынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Акымбекова Айгерим Исламовна;
Асаналиева Алтынай Аскарбековна;
Аширов Жанышбек Сайдилаевич;
Бекташов Нурпаис Абилатович;
Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич;
Колопов Эдуард Сексенбаевич;
Орозматов Уланбек Тынчылыкович;
Сооронбаев Нурланбек Курманбекович;
Тентиева Майрамкүл Касанахуновна;
Токтосунов Тилек Калыкович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |