Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 17-февралы ПЖ № 34
Н.А.Атаназаров, Ж.М.Батырбеков, Б.А.Сарыбаев жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалгандыгына жана Ош шаардык сотуна жана Ош облусунун Араван райондук сотуна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилгендигине байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 17-февралынан баштап мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
- Атаназаров Нурланбек Алайдинович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Батырбеков Жаналы Мамытович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Сарыбаев Бакытбек Адилбекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |