Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 17-февралы ПЖ № 33
Ош шаардык сотунун иштеп жаткан судьяларын кызматтарынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ош шаардык сотунун жаңы судьялары дайындалгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 17-февралынан баштап Ош шаардык сотунун төмөнкү иштеп жаткан судьялары кызматтарынан бошотулсун:
Айбатиев Турсунбай Тургубаевич;
Камчыбеков Шерали Равшанбекович;
Козуев Абдраим Мырзакматович;
Кожомкулов Рамазан Бурканович;
Кудаяров Жолборс Жээнбаевич;
Матисаков Кадырбек Монокбаевич;
Осмонов Баимбек Абдилакович;
Сатыбалдиев Болотбек Топчубаевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |