КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 17-февралы ПЖ № 31
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Ош шаардык сотунун, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондук сотторунун, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 17-февралынан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Авазов Мирзат Абдисатарович;
Анарботоева Бүбүсара Рустамовна;
Атаназаров Нурланбек Алайдинович;
Батырбеков Жаналы Мамытович;
Жалалова Марипат Шерматовна;
Кудаяров Жолборс Жээнбаевич;
Матисаков Кадырбек Монокбаевич;
Омурзакова Арапатхан Абдылдаевна;
Садыков Урматбек Асанбекович;
Сарыбаев Бакытбек Адилбекович;
Сулайманова Айнура Эртабылдиевна;
Токтомаматов Кыялбек Жантороевич;
Туманбаев Уланбек Бейшеналиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |