Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 5-апрели ПЖ № 69
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондук сотторунун, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаардык сотторунун, Ош шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер боюнча сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2016-жылдын 6-апрелинен баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:
Акматов Абдималик Алиевич;
Асылбашев Данияр Куванычбекович;
Бапанова Гүлмира Шериевна;
Жолдошов Иматилла Султанович;
Жолчу кызы Сапаргүл;
Калмамат уулу Алтынбек;
Каримбеков Ниматилла Исмаилович;
Маматалиева Нуржамал Исмаиловна;
Матенов Таалайбек Убанкожоевич;
Өскөнов Данияр Айтмаматович;
Осмоналиева Уулкан Мыкталиевна;
Осмонов Сотибек Ырыскулович;
Садыков Алтынбек Кадырбаевич;
Сарыев Медетбек Аскарбекович;
Смадиярова Айжан Алимжановна;
Төлөнбаев Аманбек Ыдырысович;
Турдумбетов Мунарбек Шерматович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |