Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-апрели ПЖ № 117
А.Маткасымов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Маткасымов Алтымыш Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |